Артикул боюнча тез тапшырык берүү

fhn

Кадам 1. Себетке товар кошуңуз

Эгер сизде сатып алуулардын тизмеси даяр болсо, убакытты үнөмдөө үчүн тез тапшырык функциясын колдонууга болот. Сизге каталогду барактоонун кереги жок, болгону артикулду киргизип тапшырыкты тариздөө жетиштүү.

Үстүңкү оң бурчтагы иконканы басып, активдешиңиз жана себетке өтүңүз.

Бул жерден сиз жаңы жеткирүү дарегин же мурун киргизген даректерден бирин тандасаңыз болот. Ал үчүн "Жеткирүү ыкмасын тандаңыз" баскычына басыңыз. Система мүмкүн болгон жеткирүү даректерин көрсөтөт.

Тез тапшырык үчүн артикулду же товардын аталышын издөө талаасына жазуу зарыл.

Бардык товарды белгилегенден кийин акциялыктарга өтүңүз.

Кадам 2. Промоакцияларды тандаңыз

Акциялык товарлардын бир бөлүгүн тапшырыкка дароо кошо албайсыз. Кээ бир акциялар себетте "Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүмүндө тандалат. Алардын курамы каталог баасына жана акциянын шарттарын аткарганыңызга жараша болот.

Акциялар бар блокко баскан учурда супер баадагы товарлардын тизмеси чыгат.

Керектүү акцияны табыңыз жана "Товар тандоо" баскычына басыңыз. Керектүү сандагы товарды кошуп, "Колдонуу" баскычын басыңыз.

Бардык акциялар тапшырык берүү ыкмасы менен бирге ар бир каталог сайын "Каталог жаңылыктары" бөлүмүндө жарыяланат.

"Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүмүндө сиз бизнес үчүн кошумча материалдарды ала аласыз (арзандатуулар менен каталог, үлгүлөр ж.б.)

Эгер негизги тапшырыктын суммасы арзандатууларды колдонууга жетишсиз болсо, кээ бир акциялар көрүнбөшү мүмкүн. Бул учурда тапшырыкка товар кошуңуз жана керектүү акция "Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүмүндө пайда болот.

Кадам 3. Тапшырыкты тариздеңиз

"Тапшырыктын жыйынтыгы" блогунда: каталог баасы менен тапшырыктын суммасы, арзандатууларды колдонуудан кийинки сумма, тапшырык үчүн баллдын саны көрсөтүлгөн. Тариздөөнү улантуу үчүн "Улантуу" баскычын басыңыз. Мындан соң, тапшырыктын чеги жана акыркы суммасы менен терезе чыгат. Бул жерде жөнөтмөнүн жалпы салмагы жана тапшырыктагы товардын саны саны көрсөтүлгөн. Ушул кадамда жеткирүү ыкмасын тандоого болот:

  • Бардык тапшырыкты бир жолу алып кетүү (качан бардык товар кампага түшкөндө)
  • Эки бөлүккө бөлүү (биринчи кампада болгон товарды аласыз, ал эми жетпегендерин кампага түшкөндө)
  • Келип түшүүсүнө жараша (биз товарларды келип түшүү датасына карата бириктиребиз жана тапшырыкты бир канчага бөлөбүз)

Ушул жерден керек учурда "Артка" баскычын басуу менен себетке кайта аласыз.

Тапшырыкты тариздөөнү аяктоо үчүн "Тапшырык берүү" баскычын басыңыз. Тапшырыктын өткөндүгү тууралуу тастыктама терезеси чыгат.

Көңүл буруңуз: "Тапшырык берүү" баскычына баскандан кийин, артка кайтарууга болбойт, аны сиз болгону өчүрө аласыз. .

Тапшырыкка төлөө үчүн "Төлөмгө өтүү" баскычын басыңыз.

Шилтеме менен бөлүшүү