Консультантты кантип каттоо керек

регистрация

Faberlic.com сайтында катталуу - жөнөкөй жана ыңгайлуу.

  • Акысыз!
  • 2 мүнөттөн ашык убакыт албайт.
  • соода кылуу үчүн 20% дан башталган дифференцияланган арзандатуулар.
  • Тапшырыктарды өз алдынча башкаруу.

Мындан сырткары, катталуу акча табууга мүмкүнчүлүк берет: сиз Faberlic-тин Консультанты болуп, өз бизнесиңизди уюштура аласыз.

Биз сиз үчүн кененирээк катталуунун бардык ыкмалары боюнча инструкцияны даярдадык. Faberlic-ке кошулуңуз!

Өз алдынча катталуу калкыма терезеде

Эгер сиз катталган эмес болсоңуз (активдештирилбеген болсоңуз) сайттын негизги баракчасында калкыма терезеде өз алдынча тез катталуу үчүн форма чыгат, интернет-дүкөндө же себетте (сайттын үстүңкү оң тарабындагы тийиштүү иконканы басуу менен өтүүгө болот).

  • Атыңыз,
  • E-mail,
  • Телефон - SMS коддун жардамы менен номерди тастыктоо керек болот.
  • Faberlic-ке чакырган Консультанттын Аты жана Фамилиясы (эгер сизди тааныш Консультант чакырган болсо).

Жибермелерге жазылуу үчүн "Жаңылыктар жана акциялар тууралуу билгим келет" жазуусунун маңдайына белги коюңуз жана "Тастыктайм" белгисине басыңыз. Эми сиз Faberlic-ке жазылдыңыз жана атайын бааларды көрө аласыз.

"Тастыктайм" баскычына басыңыз: "Кошумча жөндөөлөр" терезеси ачылат, бул жерде сиз азыркы учурдагы турган жериңизди жана ыңгайлуу болгон таркатуу пунктун көрсөтүшүңүз керек. Кааласаңыз кийинчерээк көрсөтө аласыз.

Эгер мурун тапшырыкты алуу үчүн таркатуу пунктун көрсөтпөгөн болсоңуз, себетте кылсаңыз болот.

Сунуштамаларсыз өз алдынча катталуу

Бул ыкма Faberlic Консультанттарынан таанышыңыз жок болгон учурда жарайт. Катталуудан кийин сиз сайтта арзандатуулар менен соода кыла аласыз, пайдалуу акцияларга катышып, каалооңуз болсо Faberlic-тин Консультанты боло аласыз.

Кадам 1. Сайттын үстүңкү оң бурчундагы "Катталуу" баскычын басыңыз.

Кадам 2. Ачылган терезедеги форманын бардык талааларын тотуруңуз (жылдызча белгиси менен белгиленген талаалар * сөзсүз түрдө толтурулуусу керек). Эгерде сиз акциялар, жаңылыктар тууралуу жибермелерге жазылууну кааласаңыз, "Мен компаниядан сунуштарды алууну каалайм" талаасына белги коюңуз..

Кадам 3. "Тастыктайм" баскычына басыңыз.

Кадам 4. Сиз көрсөткөн телефон номерге тастыктама коду менен SMS-билдирүү келет. Ачылган баракчага ошол кодду териңиз.
Эгер сиз Faberlic-тен атайын сунуштарды SMS аркылуу алгыңыз келсе, "Мен компаниядан сунуштарды алгым келет" талаасына белги коюңуз. Эгерде азыркы учурда сизде SMS кодду киргизүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, сиз бул кадамды өткөрө аласыз. Номерди тастыктоо тапшырыкты тариздөө учурунда сизге синуштулат. Телефон номерди тастыктабастан тапшырыкты тариздөөгө болбойт.

Кадам 5. Тастыктама кодун киргизгенден кийин "Faberlic-ке кош кел!" баракчасы ачылат. "Жеке бөлмөгө кирүү" баскычын басыңыз. Сиз жеке бөлмөңүзгө же сайттын баракчасына өтөсүз.

Кадам 6. Көрсөтүлгөн электрондук адреске сиз логин (катталуу номери) жана системага кирүү үчүн пароль, мындан сырткары Faberlic менен бизнес баштоого керектүү болгон Кеңешчиңиздин контактысын аласыз.

Консультанттын сунушу менен өз алдынча катталуу

Эгерде сизде тааныш Консультант болсо, сиз анын структурасына кошула аласыз. Муну эки ыкма менен кылса болот:

1. Консультанттан катталуу үчүн шилтеме сураңыз (ал жеке бөлмөдө "Менин структурам" бөлүмүндө көрсөтүлгөн). Бул шилтемени браузерде ачыңыз – сиз катталуу формасына өтөсүз.

2. Катталуу баракчасында форманы толтуруңуз жана телефон же сизди сунуштаган Консультанттын персоналдык номерин жазыңыз.

Кадам 1. Ачылган терезедеги форманын бардык талааларын тотуруңуз (жылдызча белгиси менен белгиленген талаалар * сөзсүз түрдө толтурулуусу керек). Эгерде сиз акциялар, жаңылыктар тууралуу жибермелерге жазылууну кааласаңыз, "Мен компаниядан сунуштарды алууну каалайм" талаасына белги коюңуз..

Кадам 2. "Тастыктайм" баскычына басыңыз.

Кадам 3. Сиз көрсөткөн телефон номерге тастыктама коду менен SMS-билдирүү келет. Ачылган баракчага ошол кодду териңиз.
Эгер сиз Faberlic-тен атайын сунуштарды SMS аркылуу алгыңыз келсе, "Мен компаниядан сунуштарды алгым келет" талаасына белги коюңуз. Эгерде азыркы учурда сизде SMS кодду киргизүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, сиз бул кадамды өткөрө аласыз. Номерди тастыктоо тапшырыкты тариздөө учурунда сизге синуштулат. Телефон номерди тастыктабастан тапшырыкты тариздөөгө болбойт..

Кадам 4. Тастыктама кодун киргизгенден кийин "Faberlic-ке кош кел!" баракчасы ачылат. "Жеке бөлмөгө кирүү" баскычын басыңыз. .

Кадам 5. Алгачкы жөндөөлөрдү аяктагандан кийин сиздин жеке бөлмөңүздөн же сиз катталууга келген баракчанын терезеси ачылат.

Кадам 6. Көрсөтүлгөн электрондук адреске сиз логин (катталуу номери) жана системага кирүү үчүн пароль, мындан сырткары Faberlic менен бизнес баштоого керектүү болгон Кеңешчиңиздин контактысын аласыз..

Сизди каттап жаткан Консультант

Бардык Консультанттар өзүнүн структурасына адамдарды каттай алат. Бул үчүн жеке бөлмөңүздөгү "Менин структурам" бөлүмүнө өтүп, "Каттоо" баскычын басыңыз. Кийин жаңы кардар тууралуу маалымат киргизүү керек.

  • Фамилиясы
  • Атыңыз
  • Туулган күнү
  • Жынысы
  • Мобилдик телефону
  • E-mail
  • Почталык корреспонденциянын жеткирүү дареги
  • Коддук сөз

Бул маалыматтарды киргизгенден кийин телефон номерге тастыктама коду менен SMS келет. Код системага биринчи жолу кирүү үчүн керек: номер тастыкталбаса тапшырыкты тариздөөгө болбойт. Мындан сырткары, көрсөтүлгөн электрондук адреске логин (каттоо номери) жана системага кирүү үчүн пароль жиберилет.

Мы используем файлы Cookie,

Чтобы улучшить работу сайта и предоставить Вам больше возможностей для покупок. Продолжив пользоваться сайтом, Вы даёте свое согласие на применение файлов Cookie.