Оnline-дүкөн аркылуу тапшырык берүү

online-shop

Кадам 1. Себетке товар кошуңуз

Мышканы керектүү продукциянын категориясына алып барыңыз - тандалган бөлүмгө жараша меню ачылат.

Улам бөлүкчөлөрдү ачкан сайын, мисалы, "Косметика/Күтүм/Бетке арналган күтүм/Күндүзгү крем", сиз продукциянын тизмеси бар баракчага өтөсүз (витринага).

Сиз фильтр коюп алсаңыз болот: жаш-курак боюнча, тери түрү жана башка продукциянын мүнөздөмөсү боюнча. Витринага товардын баалары тууралуу болжолдуу маалымат чыгат:

  • каталогдун эски баасы - чийилген кара баа
  • каталогдун жаңы баасы - алды чийилген кызыл баа
  • аталган товар боюнча алган баллдарыңыз

Мышканы белектин белгисине алып барып, товар кайсы акцияга катышып жатканын билиңиз.

Мышканы товарга алып барган учурда, түсү барлардын (мисалы, эрин боёк), боёктор картасын көрүүгө болот.

Товардын картасынан кененирээк маалымат ала аласыз: өзгөчөлүгү, жарамдуулук мезгили, курамы, өлчөмдөр таблицасы (кийимдер жана бут кийимдер үчүн), окшош товарлар же компаньон-товарлар, кардарлардын пикирлери. Бул жерден продукттун шилтемеси менен социалдык тармактарга бөлүшүп, аны себетке кошо аласыз.

Себетке жайгаштырылган товарлар үстүңкү оң бурчтагы «Мини-себет» иконкасына баскан учурда окошкада көрүнөт

Тапшырык кылууну каалаган бардык товарларды тандагандан кийин, себетке өтүңүз. Себетте жеткирүү чекитин көргөзө аласыз, эгер ал мурун тандалган эмес болсо, мындан сырткары, акциялык товарларды тандай аласыз.

Көңүл буруңуз: себетке продукцияны кошуу же өчүрүү учурунда андагы акциялар өзгөрүүсү мүмкүн.

Кадам 2. Промоакцияларды тандаңыз

Акциондук товарлардын бир бөлүгүн тапшырыкка дароо кошо аласыз. Кээ бир товарлар себеттин өзүндө, "Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүгүндө тандалат. Алардын курамы учурундагы каталогго жана кайсы акциялардын шарттарын аткарганыңызга жараша болот.

Акциялары бар блокко баскан учурда супер баадагы товарлардын тизмеси ачылат.

Керектүү акцияны табыңыз жана "Товар тандоо" баскычына басыңыз. Керектүү сандагы продукцияны тандаңыз жана "Колдонуу" баскычын басыңыз.

Бардык акциялардын тизмеси тапшырык берүү ыкмасын көрсөтүү менен ар бир каталог мезгилинин башында "Каталог жаңылыктары" бөлүмүндө жарыяланат.

"Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүмүндө сиз бизнеске жардамчы материалдарды тандай аласыз (арзандатуулар менен каталог, үлгүлөр жана башка).

Эгерде негизги тапшырыктын суммасы арзандатууну колдонуу үчүн жетишсиз болсо, кээ бир акциялар көрүнбөшү мүмкүн. Бул учурда тапшырыкка товар кошуңуз, керектүү акция "Сиздин себетке арналган акциялар" бөлүмүндө пайда болот.

Кадам 3. Тапшырыкты тариздеңиз

"Тапшырыктын жыйынтыгы" блогунда: тапшырыктын каталог боюнча баасы, арзандатууларды колдонгондон кийинки баасы, тапшырык үчүн топтолгон баллдын саны көрсөтүлөт. Тапшырыкты тариздөөнү улантуу үчүн "Улантуу" баскычына басыңыз. Мындан соң, тапшырыктын чеги жана акыркы суммасы менен терезе чыгат. Ушул жерде жөнөтмөнүн жалпы салмагы жана бирдиктердин саны көрсөтүлөт. Бул кадамда жеткирүү ыкмасын тандоого болот:

  • Бардык тапшырыкты бир учурда алуу (качан гана бардык товар кампага түнкөндө).
  • Эки бөлүккө бөлүү (биринчи сиз кампада болгон тварды аласыз, жеткиликтүү болбогонун кампага түшкөн учурда).
  • Келип түшүүсүнө жараша (биз товарларды келип түшкөн күнүнө жараша бириктиребиз жана тапшырыкты бир канчага бөлөбүз).

Керек болгон учурда ушул жерден "Артка" баскычын басып себетке кайта аласыз.

Тариздөөнү аяктоо үчүн "Тапшырык берүү" баскычын басыңыз. Тапшырыктын өткөрүлгөнү тууралуу тастыктама терезе ачылат.

Көңүл буруңуз: «Тапшырык берүү» баскычын баскандан кийин, артка кайтууга болбойт, сиз болгону аны өчүрө аласыз..

Тапшырыкка төлөө үчүн "Төлөмгө өтүү" баскычын басыңыз.

Шилтеме менен бөлүшүү