Чачка арналган Botanica туруктуу азыктандыруучу крем-боёк, түс "4.5 Кара моюлдуу джем"

Артикул: 8786
Серия: Botanica
Накталай бар
Сиздин бааңыз:
199 руб.
Эски баасы
270 руб.

Сүрөттөмө

Курамы

Мүнөздөмө

Кантип колдонуу керек

Сертификаттар

Botanica чачка арналган туруктуу, азыктандыруучу крем-боёк табигый майлар менен жана фито-кератин менен байытылган, чачтын так "жүрөгүнө" жетет жана аны интенсивдүү азыктандырат. Чач сонун табигый өң менен каныгат, жылтырак жана жибектей жумшак болуп калат.

  • Табигый тирүү өң.
  • Чачтын соонун жаркыроосу.
  • Ак чачтарды 100% боёо.

Уйгактын майы чачтын түбүн бекемдетет, кератин катмарынын жаңыланышын жана бекемдешин козгойт, чачты түшүрбөйт, ошондой эле, чачтын өзөгүн бузулуудан коргойт.

Чалкандын майы чачты нымдайт жана азыктандырат, ага жумшактык жана саламаттуу жаркыроону кайтарып, зарыл болгон микроэлементтер менен активдүү жабдып турат.  ,

Алоэ вера баштын терисин боёо учурунда коргоп турат, эс алдыруучу жана калыбына келтирүүчү таасирге ээ.

Фитокератин чачтын терең катмарларына сиңет

жана анын түзүмүн ичинен калыбына келтирет. Чачка кайратуулук, жалтыроо жана чоюлчаактык кайтарат.  ,

Топтомдо:

  • Крем-боёкту камтыган тюбик, 50 мл.
  • Өңү чыгуучу сүтчө менен флакон, 50/70 мл.
  • Боёдон кийин күтүм көрүүчү маска, 10 мл.
  • Жуптуу кол кап.

Жарактуу мөөнөтү: таңгакта көргөзүлгөн өндүрүү убактысынан баштап 24 ай.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк

Aqua, Cetearyl Alcohol, Ceteareth 20, Butylene Glycol, Glyceryl Stearate SЕ, Ammonium Hydroxide, Oleth-5, Oleyl Alcohol, Toluene-2.5-Diamine Sulfate, Coco Glucoside, Glyceryl Oleate, Polyquaternium 22, Xanthan Gum, Disodium EDTA, Sodium Erythorbate, Sodium Sulfite, Arctium Lappa Root Extract, Helianthus Annuus (Sunflower) Seed Oil, Tocopherol, Urtica Dioica Extract, Hydrolyzed Wheat Protein, Hydrolyzed Soy Protein, Carbocysteine, Threonine, Serine, Glutamic Acid, Aloe Barbadensis Leaf Juice, Parfum, 4-Amino-2-Hydroxytoluene, p-Aminophenol, m-Aminophenol, Geraniol, Citronellol, Linalool. 

Салмагы: 110 гр.

Өндүргөн өлкө: Орусия

Серия:  Botanica

«Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4

САКТЫК ЧАРАЛАРЫ

Көңүл буруңуздар! Бул азык аллергиялык таасир бериши мүмкүн. Азык аллергия кылбаш үчүн төмөнкү чараларды сактоо керек:

Боёкту төмөнкү учурларда колдонбоңуз:

  • Сизде буга чейин кандайдыр-бир чачты боёго арналган каражатка аллергия болгон болсо.
  • Сиздин баш териңиз сезимтал, дүүлүккөн же бузулган/жаракатталган болсо.

Колдонулбай калган аралашманын калдыгын сактабаңыз.

Сезимталдуулукту сыноо

Сезимталдуулукту сыноону чачты боёгонго чейин 48 саат мурун аткарыңыз, сиз бул марканын боёгу менен мурун колдонгон болсоңуз дагы. 1 кв. см кулактын артындагы терини косметикалык таякчалардын жардамы менен, спирт менен тазалап, тюбиктен биз аз боёкту сүйкөңүз, кургатыңыз, дагы 2–3 жолу сүйкөңүз. 48 сааттын ичинде жуубаңыз. Эгерде бул убакыт ичинде сиз кытышуу же кызарууну сезсеңиз, анда сиз боёкту колдонбошуңуз керек.

Сүйкөгөн учурда аллергиялык таасир пайда болсо, так айтканда: интенсивдүү сайгылашуу, кызамык же баш терисинин ачышуусу пайда болсо, дароо чачты жылуу суу менен жууңуз жана боёкту колдонууну токтотуңуз. Чачты кийинки боёнун алдында доктур менен кеңешиңиз.

  • Боёкту көзгө киргизбеңиз.
  • Көзгө боёк кирген учурда аларды дароо суу менен жууңуз. Эгерде сиз контакт линзаларын кийсеңиз, аны чечип, көзүңүздү суу менен жууңуз.
  • Таңгагына салынган атайын боёкко арналган кол капты колдонгула.
  • Аралашманы сүйкөгөндөн кийин чачты кылдат жууп чыгыңыз.
  • Баардык суроолор боюнча, сиздин боёкту жеке кабыл алууңуз менен байланыштуу, доктур менен кеңешиңиз.
  • Кирпик менен кашты боёо үчүн же кандайдыр бир башка максаттар менен, чачты боёдон бөлөк, колдонууга болбойт.

ЧАЧКА ТОЛУК УЗУНДУГУ БОЮНЧА СҮЙКӨӨ
(бул сиздин биринчи боёңуз, же сиз чачыңызды акыркы жолу бир нече айлар мурда боёгонсуз)

  1. Боёчу массаны чачтын бүтүндөй узундугу боюнча кыл калемдин жардамы менен, чачты бөлүштүрүп жана түбүнөн баштап тегиз сүйкөңүз.
  2. Аралашманы толук узундук боюнча бөлүштүрүңүз.
  3. Боёкту бөлүштүрүү үчүн чачты ушалаңыз. Бул тегиз өңдү алуу үчүн маанилүү. Сиз, чачыңыз кыска болсо дагы баардык аралашманы колдоно аласыз.
  4. Боёкту чачта 30 мүнөткө калтырыңыз. Чачтагы аралашма карара баштайт. Бул катардагы көрүнүш. 30 мүнөт өткөндөн кийин сиз өзүңүз тандаган өңдү аласыз.
  5. Чачты жылуу суу менен бир аз нымдаңыз жана кичине ушалаңыз (1-2 мүнөт).
  6. Көп жылуу суу менен, суу тунук болмоюнча жууңуз.
  7. Күтүм көрүүчү масканын жетиштүү көлөмүн чачтын узундугу боюнча бөлүштүрүңүз.
  8. Ушалаңыз жана таасир берүү үчүн эки мүнөткө калтырыңыз.
  9. Көп жылуу суу менен жууп кетириңиз.

ӨСҮП ЧЫККАН ТҮБҮНӨ СҮЙКӨ
(сиз чачыңызды буга чейин боёгонсуз жана азыр түбү өсүп чыкты)

  1. Боёчу массаны кыл калемдин жардамы менен чачтын түбүнө тегиз сүйкөңүз, чачты бөлүктөргө бөлүп.
  2. Боёкту чачта 20 мүнөткө калтырыңыз.
  3. Калган аралашманы чачтын толук узундугу боюнча бөлүштүрүңүз. Сиздин чачыңыз кыска болсо дагы аралашманын баардыгын колдонсоңуз болот.
  4. Боёкту чачта 10 мүнөткө калтырыңыз. Ушинтип, жалпы таасир берүү убактысы – 30 мүнөт.
  5. Чачты жылуу суу менен бир аз нымдаңыз жана кичине ушалаңыз (1-2 мүнөт).
  6. Көп жылуу суу менен, суу тунук болгуча жууп кетириңиз.
  7. Күтүм көрүүчү масканын жетиштүү бөлүгүн чачтын толук узундугу боюнча бөлүштүрүңүз.
  8. Ушалаңыз жана таасир берүү үчүн эки мүнөткө калтырыңыз.
  9. Көп жылуу суу менен жууп кетириңиз.

Чачты боёрдун алдында 24 саат мурун жуу сунушталбайт!

Сиздин бааңыз:
199 руб.
Эски баасы
270 руб.
Тизмектин товарлары Botanica

Сунуштар жана пикирлер

 : 116
Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
МТ
Мурсал Т.
721990075 | 15.07.2021
Баалоо
Хорошая краска рекомендую, Мне очень понравилось👍👍
НВ
Наталия В.
723824204 | 19.06.2021
Баалоо
Сегодня забрала заказ и сразу покрасила волосы. При разведении краска имеет резкий запах, при нанесении на волосы запах попадает в нос. Но...Это все можно и потерпеть - результат великолепный!!! Получается натуральный, естественный оттенок, волосы шелковистые и мягкие, легко укладываются. Главное не передержать. Рекомендую. У меня тон оливковый блонд, сказочный цвет.
ИО
Илона О.
724756191 | 15.06.2021
Баалоо
Взяла тон "розовое дерево", цвет получился светло- золотистый с еле заметный пудровым переливом! Сказать что я в восторге - это ничего не сказать))) Окрашивание равномерное, не резкий аромат, при нанесении немного пощипывало, но потом прошло. Результатом довольна! Волосы натуральные, здоровые, мягкие, блеск просто супер, как после салона))
FP
Farida P.
724913345 | 29.05.2021
Баалоо
Очень хорошая краска покупаю себе и маме
ОК
Ольга К.
702578890 | 25.05.2021
Баалоо
Очень хорошая краска, волосы не портит, жаль только что мой любимый тон 7.1 куда-то пропал.
АК
Анна К.
111399059 | 22.04.2021
Баалоо
Обожаю эту серию. Раньше красилась только "Лесным орехом", потом перешла на смесь с "Огненной хризантемой", сейчас еще добавляю "Осенний лес", ну и ампулы по уходу- шикарный цвет! И, да, в последний заказ на пачке было написано, что перчатки в комплект НЕ входят :)).
АЛ
Анна Л.
702200689 | 18.04.2021
Баалоо
Очень хорошая краска для волос . Я , как , парикмахер, советую всем. Не повреждает волосы!!!! Моя краска 7.0 " оливковый блонд.
НК
Наталья К.
722438970 | 16.04.2021
Баалоо
Взяла первый раз по акции и шок, не ожидала что такая классная краска, запаха химии нет после смывания, волосы мягкие, и блестящие, легко укладываются, больше не хочу пользоваться ничем другим, олнозначно рекомендую)
НБ
Наталья Б.
700899744 | 29.03.2021
Баалоо
Брала краску много раз "Огненная хризантема" и "Лесной орех". Краска хорошая, цвет насыщенный, волосы не сжигает. Раньше брала все время в упаковке были перчатки, а в последнее время перчатки исчезли, не очень удобно. Минус производителю за это.
ИК
Ирина К.
703037625 | 27.03.2021
Баалоо
Давно уже не пользуюсь перчатками из упаковки. Советую купить профессиональные перчатки, их надолго хватает и намного удобнее в использовании, чем целофановые. А краска в Фаберлике действительно хорошая, пробовала разные. Единственная проблема была с тюбиком (не в этой серии) - туго выдавливалась краска. :)