AHA-кислоталары бар жаңыландыруучу түнкү лосьон теринин рельефин жана түсүн тегиздейт. Гликол жана сүт кислотасынын жана энзимдердин негизиндеги формула жумшак микропилинг катары иштейт. аны каалаган мезгилде колдонсо болот.
2,1% гликол жана 0,8% сүт кислотасынын айкашуусу эпидермистин жаңылануу процессин тездетет.
Анардын жана лактобактериялардын энзимдери теринин микробиомасынын* иштөөсүн калыбына келтирет.
*Микробиом – бул микроорганизмдердин бирикмеси. Алар, ошондой эле териде да жашашат жана өзгөчө микробдук сүрөттү көргөзүп турат. «Жароокер» бактериялар иммунитетти түзүүгө, аллергиядан кутулууга, тери катмарларынын айыгуусуна катышууга жардам берет.
- Ыңгайсыздык туудурбайт, дүүлүгүү жаратпайт.
- Ар түрлүү териге жарактуу.
- Күн сайын колдонсо болот.
Курамы: Aqua, Dipropylene Glycol, Glycolic Acid, Lactobacillus/Punica Granatum Fruit Ferment Extract, Lactic Acid, Sodium Dextran Sulfate, Sodium Hyaluronate, Panthenol, Allantoin, Leuconostoc/Radish Root Ferment Filtrate, Lonicera Caprifolium Flower Extract, Lonicera Japonica Flower Extract, Xanthan Gum, Polysorbate 20, Disodium Edta, Sodium Hydroxide, Benzyl Glycol, Ethylhexylglycerin, Raspberry Ketone, Parfum.
Көлөмү: 110 мл.
Өндүргөн өлкө: Орусия
- Expert
«Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4
Эффекти жакшы болушу үчүн AHA-кислоталары бар түнкү крем-актидештиргич (1230) менен бирге колдонуу сунушталат. Курс 1–2 айга эсептелинген.
Эгерде тери жука же сезимтал болсо – 1 ай жеткиликтүү. поралуу, одуракай болсо, анда курсту 3 айга чейин узартуу сунушталат. Андан соң жардамчы күтүм менен камсыздаңыз, аны үчүн бул каражаттарды жумасына 1–3 жолу колдонуп туруңуз.
Кечкисин лосьонду (1214) таза териге сүйкөңүз, көздүн тегерегине тийгизбеңиз. 3–5 мүнөт өткөндөн кийин крем-активдештиргичти (1230) сүйкөңүз.
Эгерде тери майлуу, одуракай, гиперкератоз бар жана беттин өңү күңүрт болсо, анда эртең менен, жуунгандан кийин бетти дагы бир жолу лосьон менен сүртүү керек. Андан соң күндүзгү крем сүйкөңүз.
Биздин тиркемени көчүрүңүз