ONLINE

Үлгү 11751, Аромакапсулаларга ээ кир жуучу концентрацияланган кондиционер "дом faberlic" 2 тизмеги

Артикул: 11751
Накталай бар
Сиздин бааңыз:
60 руб.

Сүрөттөмө

Курамы

Күтүмү

Мүнөздөмө

Кантип колдонуу керек

Кийимдерге арналган эң үнөмдүү ультракондиционер 2 сапат 1дө «Түстү жана булаларды коргоо» – ар бир кир жууга алмаштырылгыс толуктоо.

Биополимерге ээ өзгөчө формула дан протеиндеринин негизинде түзүлгөн жана кездемелердин булаларын жана өңү өзгөрүүдөн, сүрөтүнүн бузулуусунан сактайт. Алгачкы ачыктыгын жана актыгын сактап, тоголоктошууларды алдын алат.

  • Ачык жана аппак түстөгү кездемелер, трикотаж, жүн кездемелери үчүн сунушталган.
  • Кездеменин аппактыгын калыбына келтирет.
  • Тоголоктошуудан жана түктүүлүктөн сактайт.
  • Кездеменин жумшактыгын камсыздайт.
  • Кургаган кийимдин жана калың кездемелердин үтүктөлүүсүн жөнөкөйлөштүрөт.
  • Кездемелерден статикалык электр тогун алат.
  • Кийимдерге күндүү таңдын жана жаңы жашылчанын жеңил жыпар жытын берет.
  • 0+ балдар кийимдерин жууса да болот.
  • Үнөмдүү сарптайт: 1 флакон 30 жолу кир жууганга эсептелген!
  • Айлана-чөйрөгө зыянсыз.
  • Фосфат жана боёгучтарды камтыбайт.
  • Ультракондиционер узун мөөнөткө суунун жана жуучу каражаттын таасиринен кийин кездемелерге өзгөчө жумшактыкты берип, назиктигин калыбына келтирет.

    Жарамдуулук мезгили: даярдалган күндөн тартып 24 ай, таңгакта көрсөтүлгөн.

    Курамы: 30% ашыгы суу, 5-15% КПАВ, 5% азы: буудай протеиндеринин негизиндеги биополимер, хлордуу кальций, отдушка, консервант.

    Экологиялык таза курам:

  • Табигый тектүү эстеркват (КПАВ) – кир жуугандан кийин статикалык электр тогун жоюга багытталган.
  • Буудай протеиндеринин негизиндеги биополимер – түстөрдүн жаңылануусу, кездеме булаларынын коргоосу жана калыбына келүүсү.
  • Минералдык туз (хлордуу кальций) – продукциянын реологиясын колдоо.
  • «Clean label» композициясы – назик жыпар жыт берүүчү заттар комплекси.
  • Консервант –сактоо учурунда зыяндуу микроорганизмдердин өнүгүүсүн алдын алат.
  • Көлөмү: 50 мл.

    Өндүргөн өлкө: Орусия

    «Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4

    Колдонуудан мурун флаконду чайкоо керек. Ар кандай түрдөгү кездемелерге жарайт. Каражаттын өзүн кийимге тийгизүүдөн сак болуңуз.

    Машинада жууганда:

    Кондиционерди атайын чайкоочу бөлүгүнө арналган бөлүкчөгө куюңуз.

    ( кир жуучу машинанын инструкциясынан караңыз):

  • 4-5 кг кийимге/ стандарттуу кир жуу жана өзгөчө кездемелер – 15-20 мл (1/2 өлчөөчү кашык).
  • 6-8 кг кийимге/ калың кездемелерге, лен, махр сүлгүсү – 20-25 мл (1 өлчөөчү кашык).
  • Колго жууган учурда:

    10-15 мл кондиционерди суусу бар таштекке куюп акыркы чайкоодо жана жакшылап аралаштыруу керек. Алынган аралашмага кийимди 3 мүнөткө салуу керек. Мындан соң кийимди сыгып, кургатуу керек

    Колдонуу эрежелери:

    Балдар жетпеген жерде сактоо керек. Көрсөтмөгө ылайык гана колдонуу зарыл.

    Көңүл буруңуз! Көзгө түшкөн учурда кыжырданууну пайда кылат. Ал учурда 15 - 20 мүнөттөй көп өлчөмдөгү таза суу менен жууш керек. Көздөгү линзаларды алып салыңыз (эгер бар болсо). Териге тийген учурда кыжырданууну пайда кылуусу мүмкүн. Колго жуугандан кийин жакшылап суу менен колду жууш керек. Сезимтал терилер үчүн резинка кол каптарды кийүү сунушталат.

    Теринин бузулган аймактарына тийген учурда жакшылап суу менен жууш керек. Кыжырдануу кетпесе медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

    Жутуп алган учурда зыяндуу болуусу мүмкүн. Кокустан жутуп алган учурда оозду суу менен чайкоо керек. Акыбалыңыз оорлошуп жаткан болсо, медициналык жардамга кайрылыңыз, өзүңүз менен таңгагын кошо алыңыз.

    Сактоо шарттары:

    Кургак жерде +5 °Сден +25 °Сге чейинки температурада сактоо керек.

    Сиздин бааңыз:
    60 руб.

    Сунуштар жана пикирлер

     : 1
    Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
    СГ
    Светлана Г.
    721732715 | 17.01.2021
    Баалоо
    Взяла пробник из любопытства. Запах приятный, эффект как от обычного кондиционера для белья. Брать можно.