Хит

Extra Oxy кычкылтектүү так кетиргичи

Артикул: 30027
Серия: FABERLIC HOME
Накталай бар
Сиздин бааңыз:
379 руб.
Эски баасы
550 руб.

Сүрөттөмө

Курамы

Күтүмү

Мүнөздөмө

Кантип колдонуу керек

Кийимдерди химиялык тазалоого берүү эми керек болбойт! Жаңы так кетиргич эски тактарды да кетирет.

Суюк кычкылтектүү так кетиргич Extra Oxy Rohm &, Werner* немец компаниясы менен биргеликте кир жуучу профессионалдык каражаттардын инновациясын эске алуу менен иштелип чыккан. . ,Экологиялык кычкылтектүү агарткыч жана табигый ферменттердин негизинде жасалган.

  • Ак кездемеден ар кандай тактарды кетирүүдө эффективдүү (тер, чөп, кан, мөмө, шире, чай, кофе, вино, майлуу соустар, азык - түлүк, косметика, зеленка, йод, май, смол, гудрон ж.б.).
  • Боёгучтарды жана ароматизаторлорду камтыбайт.
  • Курамында хлор жана фосфат жок.
  • Ар кандай эски жана кетирүүгө оор болгон тактарга каршы таасирин күчөтөт.
  • Төмөнкү температурада дагы булганууларды кетирет.
  • Ак жана түстүү кездемелер үчүн да жарамдуу.
  • Кездеме үчүн коопсуз.
  • Килем, эмеректин сырткы катмары, жана дагы ашкана эмеректеринин катмарлары үчүн да чай жана кофе, танин жана кофеин калдыктарын кетирүүгө колдонууга болот.

*Rohm & Werner профессионалдык каражаттарды - европа рыногуна туура келген жана адам менен айлана- чөйрөгө терс таасирин тийгизбей тургандай жогорку натыйжалуу концентрацияланган каражаттарды өндүрүүгө адистешкен. Rohm und Werner GmbH Эл аралык жуучу жана тазалоочу каражаттардын ассоциациясынын мүчөсү A.I.S.E., аталган мекеме жоопкер өндүрүүчүлөрдү, төмөнкү өндүрүү принциптери менен бириктирип турат: керектөөчүлөрдүн камкордугу жана айлана-чөйрөнүн камкордугу. (Хартия 2020+).

Жарамдуулук мезгили:даярдалган күндөн тартып 24 ай, таңгакта көрсөтүлгөн.

Курамы: 15- 30 %: кычкылтек негизиндеги агарткыч, натрий карбонаты, натрийдин гидрокарбонаты, 5 %дан азы: агарткыч активатору, бензосульфон кислотасы, НПАВ, энзим комплекси (протеаза, амилаза, маннаназа, липаза).

Так кетиргич экологиялык таза курамга ээ:

  • активдүү кычкылтек формасы менен минералдык аралашма (перкарбонат - кычкылтектин негизиндеги агарткыч) - ар кандай тактарды кетирет, агартат, сары тактарды кетирет, дезинфекциялык эффектке ээ,
  • минералдык туз (натрий карбонаты жана натрий гидрокарбонаты) - тузду катуулуктан ажыратат, сууну жумшартат, жогорку сапаттагы чөйрөнү түзөт,
  • органикалык амин (агарткыч активатору) - төмөнкү температурада кычкылтектүү агарткычтын таасирин активдештирет,
  • айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген жуучу компоненттер (ПАВ) - май тактарга каршы жогорку эффективдүүлүк, жалпы булганууларды активдүү кетирүү жана кездемени оңой чайкоо үчүн колдонулат,
  • табигый ферменттер (энзим комплекси) - протеаза, амилаза, маннаназа жана липазадан жасалган синергетикалык комплекс ар кандай тактарды кетирүүгө багытталган.

Салмагы: 500 гр.

Өндүргөн өлкө: Германия

Серия:  FABERLIC HOME

«Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4

Жүн жана жибек үчүн колдонбоңуз. ,Курамында хлор бар агарткыч менен бирге жана ага аралаштырып колдонбоңуз. Алюминий жана меди буюмдарына колдонууга болбойт.

Колдонуу ыкмалары:

Жуу: кир жуучу машинага салып жатканда агарткычтын төмөнкүдөй көлөмүн кир жуучу поршокко же гелге кошуңуз:

  • Концентрацияланган кир жуучу порошок менен бирге колдонгон учурда – 20 г (1/2 өлчөөчү кашыктын көлөмү),
  • түстүү кездемелерге арналган кир жуучу порошок жана башка өндүрүүчүлөрдүн жуучу каражттары менен бирге колдонулган учурда – 40 г (1 өлчөөчү кашык),
  • Катып калган тактар үчүн өлчөмүн көбөйтүңүз 20 г (1/2 өлчөөчү кашык).

Килемдерди тазалоо: 10 г (1/4 өлчөөчү кашыктын көлөмү) так кетиргичке 200 мл ысык суу кошуңуз, аралашманы булганган катмарга же такка сүйкөп 15-20 мүнөт коюп коюуңуз.

Такты кетирүү жана суулоо: 40 г (1 чай кашыкты) так кетиргичти 2 л ысык сууга эритиңиз. Эң жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн 60 °С температурадагы сууну колдонуңуз. Колдонуудан мурун кийимдин түсүнүн туруктуулугун текшериңиз: аралашманы кийимдин билинбеген жерине коюп кургагычакты күтүңүз.

Ашкананы тазалоо (раковина, плита, керамикалык плитка): порошокту нымдуу катмарга чачыңыз жана бир канча мүнөткө коюп коюңуз, ным губка менен булганууну тазалап, суу менен жууңуз.

Сактануу чаралары жана сактоо шарттары:

Балдар жетпеген жерде сактоо керек. Көрсөтмөгө ылайык колдонуу керек. Колдонуудан соң колду жакшылап жууңуз шарт. Колдонуп жаткан учурда эч нерсе жебеңиз, ичпеңиз жана тамеки тартпаңыз.

Абайлаңыз!Көздү оорутуусу мүмкүн. Дароо дарыгерге кайрылыңыз. Көзгө тийген учурда көп өлчөмдөгү суу менен 15 - 20 мүнөт жууңуз. Контакттык линзаларды алып салыңыз (эгерде бар болсо).

Көңүл буруңуз! Терини кыжырданууга алып келүүсү мүмкүн. Сезимтал тери же бузулган терилерге резина кол кап кийүү сунушталат. Бузулган териге тийген учурда жакшылап суу менен жууп коюу керек. Жутуп алуу зыян. Кокусунан жутуп алган учурда суу менен жууш керек. Жакшы желдетилген жерде чыгып туруу керек. Өзүңүздү жаман сезип баштасаңыз, медициналык жардамга кайрылыңыз. (этикетканы алып алыңыз).

Толук жабылган таңгакта, муздак кургак жерде, күн нуру түз тийбегендей + 5 °Сден + 30 °Сге чейин сактоо керек. Азык түлүк жана ысык каражаттар менен бирге сактабаңыз.

Сиздин бааңыз:
379 руб.
Эски баасы
550 руб.
Эмне менен айкалыштырууга болот

Сунуштар жана пикирлер

 : 24
Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
EH
Elmir H.
723143144 | 25.06.2021
Баалоо
mükəmməl
ДЛ
Дарья Л.
723902347 | 24.06.2021
Баалоо
постирала вещи,были старые жирные пятна, ничего не вывел,модет надо было на более сильной температуре постирать,пока восторга нету,буду пробовать ещё.

Faberlic Team
Добрый день! Если загрязнение обширное и застарелое, то рекомендуем сначала обработать его пятновыводителем и оставить на 5–10 минут. А затем постирать вещь, добавив пятновыводитель к порошку или гелю.
ГИ
Галина И.
725864791 | 23.06.2021
Баалоо
Очень нравиться, классный пятновыводитель.
РА
Рейхане А.
709083005 | 17.06.2021
Баалоо
Действительно, не нужно носить вещи в химчистку с таким средством!
ОГ
Ольга Г.
713984939 | 20.05.2021
Баалоо
Пользуюсь этим продутом два года. И очень нравиться.
НЗ
Наталия З.
722396943 | 18.05.2021
Баалоо
Приятно удивил этот продукт. Он вывел пятна одуванчиков с дочкиной куртки. Куртка была безнадежно испорчена, как мне казалось. Но нет, произошло чудо. Спасибо Фаберлик!
Aynurə Ə.
717442262 | 05.04.2021
Баалоо
продукт качественный рекомендую
ЛГ
Ляйсан Г.
722018399 | 03.02.2021
Баалоо
справился на раз два.рубашка мужа которую хотели утилизировать,стала как новая.вся была пропитана кожным жиром,когда гладила было хорошо видно,оденет почти не видно.а рубашку жалко, она такая необычная красивая не скатывается.короче рекомендую!!!
ДК
Денис К.
720017580 | 18.11.2020
Баалоо
Ник мужа. Прям пятна не отстирает, но после него одежда не становится серого цвета. Без него не могу.
АШ
Анастасия Ш.
717387845 | 26.09.2020
Баалоо
Мне отбеливатель понравился. Хорошо справляется с пятнами, убирает даже сильные и застарелые. Отлично убирает следы от детских сюрпризов на одежде (подгузники иногда подводят), даже если вещь полежала некоторое время в баке для грязного белья. А главное - экономичный расход, мне хватает на несколько месяцев.