ONLINE

Концентрацияланган универсалдуу кир жуучу поршоктун үлгүсү (30020)

Кайра кайтаруу мүмкүн
Артикул: 30025
Накталай бар
Сиздин бааңыз:
50 руб.

Сүрөттөмө

Курамы

Күтүмү

Мүнөздөмө

Кантип колдонуу керек

Сертификаттар

Кийимдерди химиялык тазалоого берүү эми керек болбойт! Жаңы кир жуучу порошок тактар менен профессионалдык тактыкта күрөшөт жана түстүү кездемелерге биринчи түсүн кайтарат.

Концентрацияланган универсалдуу кир жуучу порошок Rohm & Werner* немец компаниясы менен биргеликте кир жуучу профессионалдык каражаттардын инновациясын эске алуу менен иштелип чыккан.

  • Кычкылтектүү агартуусу бар экологиялык формула – нымдуулукту жана саргарган жерлерди кездемеге зыян келтирбестен кетирүү үчүн.
  • Кездемеге кылдат мамиле кылып, алардын түсүн жана формасын сактайт.
  • Тактарга каршы формула тактарды эң жакшы кетирүү үчүн табигый энзимдердин мультикомплексинин күчүн бириктирет, жогорку натыйжалуу жуучу компоненттер, кычкылтектүү агартуучу жана кир жууну күчөтүүчүлөр.
  • Булганууларды төмөн температурада да кетирет.
  • Кийимдерге таза жыт тартуулайт.
  • Кадимки порошоктон айырмасы 3,5 эсе үнөмдүү болот: жууганга бир кашык порошок жетиштүү! 800 г концентрацияланган кир жуучу порошок «Дом Faberlic» = 3 кг кадимки кир жуучу порошок.
  • Гранул текстурасы «чаңсыз» – аллергияга жакын адамдардын ыңгайлуулугу үчүн. Дерматологиялык коопсуздугу эл аралык илимий-изилдөө институту Dermatest GmbH (Германия) сертификаттары менен тастыкталган.
  • Балдар кийимдерин жууганга да болот.
  • Күңүрт түстөгү кездемелерден да таза чайкалат. Кошумча чайкоонун кереги жок.
  • Кир жуучу машинаны кебээрден сактайт.
  • Айлана чөйрөгө зыянсыз. Каражаттын компоненттери сууларга, жер алдындагы сууларга жана жалпы экосистемага зыянсыз.
  • Курамында хлор жана фосфат жок.

*Rohm & Werner профессионалдык каражаттарды - европа рыногуна туура келген жана адам менен айлана- чөйрөгө терс таасирин тийгизбей тургандай жогорку натыйжалуу концентрацияланган каражаттарды өндүрүүгө адистешкен. Rohm und Werner GmbH Эл аралык жуучу жана тазалоочу каражаттардын ассоциациясынын мүчөсү A.I.S.E., аталган мекеме жоопкер өндүрүүчүлөрдү, төмөнкү өндүрүү принциптери менен бириктирип турат: керектөөчүлөрдүн камкордугу жана айлана-чөйрөнүн камкордугу. (Хартия 2020+).

Жарамдуулук мезгили: даярдалган күндөн тартып 36 ай, таңгакта көрсөтүлгөн.

Курамы: 30% жана көбү: натрий карбонаты, 5-15%: натрий гидрокарбонаты, натрий силикаты, 5% азы: натрий цитраты, бензосульфон кислотасы, НПАВ, алкилсульфат, поликарбоксилаттар, энзим комплекси (протеаза, амилаза, маннаназа, липаза), лаурил эфир ПЭГ-7 кокос майынын негизинде, ингибитор, целлюлоза негизинде антиресорбент, этидрон кычкылынын тузу, отдушка.

Порошок экологиялык таза курамга ээ:

  • минералдык жана кремний тузу (натрий карбонаты жана натрий силикат) тузду катуулуктан ажыратып, сууну жумшартат,
  • минералдык кошулмалар кычкылтектин активдүү кошулмасына ээ (перкарбонат - кычкылтектин негизиндеги агарткыч) ар кандай тактарды кетирет, агартат, саргаргандарды кетирет, дезинфекциялык эффектке ээ:
  • айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген идиш жуучу каражат пальма майынын негизинде жасалган (алкилсульфат) такты кетирет, май ларды кетирүүдө эффективдүү,
  • айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген идиш жуучу компонент кокос майынын негизинде жасалган (лаурил эфири ПЭГ-7) жалпы булганууларды активдүү кетирет,
  • табигый ферменттер (энзим комплекси) - амилаз, маннаназжана липаздан, протеаздан жасалган синергетикалык комплекс ар кандай тактарды кетирүү үчүн,
  • айлана чөйрөгө зыян келтирбеген неиногендик жуучу компоненттер комплекси (НПАВ) активдүү жумшартуучу таасирге ээ, жалпы булганууларды кетирет жана кездемелерди оңой чайкалышына шарт түзөт,
  • айлана чөйрөгө зыян келтирбеген компонент ( бензосульфон кислотасы)булганууларды активдүү кетирет, май тактарга каршы жогорку эффективдүүлүккө ээ,
  • органикалык амин (агартуучу активатор) төмөн температурада кычкылтектүү агарткычтын таасирин арттырат,
  • органикалык полимерлер (поликарбоксилаттар) боёктордун кетүүсүн алдын алып, кайра булгануу түшүрбөйт,
  • органикалык туз (этидрон кислотасы тузу) металл элементиндеги коррозияны алдын алат,
  • патенттелген оптикалык кошулма (оптикалык агарткыч) кездемеге өзгөчө өң тартуулайт,
  • органикалык туз лимон кислотасы (натрий цитраты) тузду катуулуктан ажыратат, сууну жумшартат,
  • кычкыл минералдык туз (натрий гидрокарбонат) жогорку сапаттагы кир жуунун оптималдуу чөйрөсүн түзүү.
  • органикалык туз, целлюлоза (антиресорбент) - кездемени жумшартып коргойт,
  • «Clean label» заттарынын композициясы (отдушка) таза жана жеңил жыпар жыт берет.

Салмагы: 40 гр.

Өндүргөн өлкө: Германия

«Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4

Колго жууганга жана машинада колдонууга да болот.

Температура: 30 - 90 °С.

ӨлчөмүОрто булгануу/орто катуулуктагы сууӨтө булгануу / катуу суу
Машинада жуу 4,5 кг40 г = 1 кашык60 г = 1,5 кашык
Колго жуу (10 л сууга)20 г = 0,5 кашык40 г = 1 кашык

Кир жуучу порошокту туура өлчөп кошуу үчүн Faberlic-тин өлчөөчү кашыгын сунуштайбыз.

Жууп жаткан учурда сунуштарды аткаруу керек. Жаңы кийимдерди өзүнчө жууңуз.

Жүн жана жибекти жууганга сунушталбайт.

Сактануу чаралары: балдар жетпеген жерде сактоо керек. Көрсөтмөгө жараша колдонуу керек.

Көңүл буруңуз! Көздү кыжырданууга алып келүүсү мүмкүн. Көзгө түшкө учурда көп өлчөмдөгү суу менен 15-20 мүнөт жууңуз. Сезимтал тери же бузулган терилерге резина кол кап кийүү сунушталат. Бузулган териге тийген учурда жакшылап суу менен жууп коюу керек. Жутуп алуу зыян. Кокусунан жутуп алган учурда суу менен жууш керек. Жакшы желдетилген жерде чыгып туруу керек. Өзүңүздү жаман сезип баштасаңыз, медициналык жардамга кайрылыңыз. (этикетканы алып алыңыз).

Сактоо шарттары: муздак кургак жерде, күн нуру түз тийбегендей кылып сактоо керек. Азык-түлүк жана күйүүчү продукциялар менен бирге сактоого болбойт.

Сиздин бааңыз:
50 руб.
Бул товар менен бирге төмөнкүлөрдү сатып алышат

Сунуштар жана пикирлер

 : 1
Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
ЛЕ
Людмила Е.
708231251 | 01.10.2020
Баалоо
Хорошо стирает. Концентрированный, поэтому 1 саше мне хватило на 1 загрузку в автомат, рассчитанный на 4кг белья.