ONLINE

Ак жана түстүү кездемелерге арналган концентрацияланган кир жуучу биопорошоктун үлгүсү Home Gnome Greenly (11892)

Кайра кайтаруу мүмкүн
Артикул: 11983
Накталай бар
Сиздин бааңыз:
70 руб.

Сүрөттөмө

Курамы

Мүнөздөмө

Кантип колдонуу керек

Түстүү кийимдерге арналган концентрацияланган кир жуучу биопорошок Home Gnome Greenly атайын катуу сууда натыйжалуу жуу үчүн жасалган.

Түстү коргоо системасы сүйүктүү кийимиңиздердин каныккан түсүн коргойт, мындан сырткары, кир жуу учурунда кездемелердин түсүн өзгөрүүдөн сактайт.

Кир жуучу порошоктун өзгөчө биоминералдык формуласы эң катуу сууда дагы эффективдүү кир жууну шарттайт.

Минералдар комплекси жана CEO Lite технологиясы каалаган температурада, каалаган кир жуу циклинде, каалаган катуулуктагы сууда сапаттуу жууга шарт түзөт.

Сууну жумшартуунун активдүү системасы татаал тактарды кетирип, мындан сырткары, кездемелерге жагымдуу жумшактыкты атайын жумшарткычтары жок эле тартуулайт. Биопорошок сиздин кир жуучу машинаңызды кебээрден эффективдүү коргойт жана суунун катуулугу жогору болгон аймактарда колдонуу сунушталат.

Биоэнзимдердин мультикомплекси кеңири таралган тактарды кетирет жана оорчулук менен кетүүчү чоңдордун жана балдардын кийимдериндеги азыктык жана физиологиялык булгануулар менен жакшы күрөшөт.

Эң сонун тазалык жана ачык каныккан түстөр!icon ALL3

  • Катуу сууда дагы татаал тактарды эффективдүү жуу.
  • БИОМИНЕРАЛДЫК формула.
  • Эң жакшы жумшартуу жана кездеме булаларын калыбына келтирүү.
  • Түстү өзгөчө коргоо системасы.
  • Кездемелердин ачыктыгын жана сүрөттөрдү коргоо.
  • Түлөөнүн алдын алуу.
  • Кир жуучу машинаны кебээрден коргоо.icon 2
  • Бүткүл үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийимин жуу үчүн.
  • Астма жана аллергияга жакын адамдардын колдонуусуна да сунушталат*.
  • Дерматологиялык жактан тастыкталган**.
  • Таңгактын ичинде эко кашык бар.
  • Супер үнөмдүү – 30 граммдан 1 жолку кир жуу үчүн.

icon 1 копия_copy

Продукция Падышалык стандарт сапатына жооп берет! Кир жуучу порошокту өндүргөн Senzora bv компаниясы Нидерланд Падышалык сарайынын расмий предикатына ээ. Компаниянын авторитети жана профессионалдык компетенциясы таанылган жана тастыкталган.

*Ден соолукка кам көрүү үчүн түзүлгөн продукция . Астма жана аллергия – дүйнөдөгү элдердин арасында көп кездешүүчү көйгөйлөрдүн бири. Европалык Asthma Allergy Nordic ассоциациясы, продукция рецептурасы жана бүткүл порошоктун компоненттери боюнча эксперттик комиссиянын дыккат көзөмөлүнөн өткөндүгүн тастыктайт.

**Кир жуучу порошоктун дерматологиялык коопсуздугу эл-аралык илимий-изилдөөчү Dermatest GmbH институту (Германия) тарабынан текшерилип, сертификат менен тастыкталган.

Жарамдуулук мезгили: даярдалган күндөн тартып 36 ай, таңгакта көрсөтүлгөн.

15-30%: натрий карбонаты, натрий гидрокарбонаты, 5-15% цеолиттер, өндүрүштүк бензосульфон кислотасы, 5%дан азы: майлуу этоксилирленген спирттер, поликарбоксилаттар, целлюлоза, энзимдердин мультикомплекси (протеаза, амилаза, маннаназа, пектат-лиаза) негизиндеги антиресорбент, боёкту өткөрүүчү ингибитор, этидрон кычкылынын тузу, полиэфир.

Салмагы: 40 гр.

Өндүргөн өлкө: Нидерланд

«Фаберлик» ААКнын тапшырыгы менен даярдалган, Орусия, Москва, Никопольская көчөсү 4

Ар дайым кийимдердин ярлыктарындагы кир жуу боюнча сунуштарды аткарыңыз.

  • Кир жуунун алдында кийимдерди түсү, кездеме түрү жана булгануу деңгээли боюнча бөлүңүз.
  • Жаңы кийимдерди биринчи жолу жууганда өзүнчө бөлүңүз.
  • Ак жана ачык түстөгү кийимдерди күңүрт жана түстүү кийимдерден өзүнчө жууңуз.
  • Жүн жана жибекти жууш үчүн колдонууга болбойт.
  • Түстүү кийимдерди түсүн жакшы сакташы үчүн төмөн температурада жууңуз.
  • Кир жуучу машинанын барабанын өтө толтурбаңыз.

Өлчөөчү эко кашык таңгактын ичинде. Колдонуудан мурун капталын силкип коюңуз.

Дозировкасы

Аз булгануу

Орточо булгануу

Өтө булгануу

Машинада жуу

4,5 кг/kg

30 г/g

40 г/g

60 г/g

Колдо жуу

( 10 л сууга/10 lofwater)

20г/g

30г/g

40г/g

Коопсуздук чаралары

Көрсөтмө боюнча колдонуу керек.

Абайлаңыз! Көзгө түшкөн учурда кычышууну пайда кылат. Балдардан коргоо зарыл! Колдонуудан соң колду жакшылап жууш керек.

Көзгө кирген учурда: бир канча мүнөт суу менен кылдат жууш керек. Көздөгү линзаларды алып койгон оң. Көздү жууну улантуу керек. Эгерде көздүн кычышуусу басылбаса, медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Жутуп алган учурда: өзүңүздү жаман сезген учурда дарыгерге кайрылыңыз, продукциянын этикетин көргөзүңүз.

Сактоо шарттары

Күн нурлары түз тийбеген, серүүн кургак жерде сактоо керек. Азык-түлүк жана күйүүчү заттар менен бирге сактабаңыздар.

Сиздин бааңыз:
70 руб.

Сунуштар жана пикирлер

 : 1
Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
ВБ
Вера Б.
2360405 | 29.10.2020
Баалоо
Отличный порошок.