Супер баа
Бөлүшүү

Жүн жана өзгөчө кездемелерге арналган концентрацияланган кир жуучу порошок

Серия:  FABERLIC HOME
Артикул: 
30024
Сиздин бааңыз
299 руб.
эски баасы
600 руб.
Накталай бар
Кайра кайтаруу мүмкүн
Галерея
Товар тууралуу
Курамы
Кантип колдонуу керек
Сертификаттар
Пикирлер
Жүн жана өзгөчө кездемелерге арналган концентрацияланган кир жуучу порошок

Кубулма кездемелер идеалдуу формада!

pic-1

Концентрацияланган фосфатсыз кир жуучу порошок өзгөчө кездемелер жана жүн үчүн немец компаниясы Rohm & Werner* менен бирге профессионалдык кир жуучу каражаттар тармагындагы инновацияларды эске алуу менен иштелип чыккан.

Жүн жана өзгөчө кездемелерге арналган тактарга каршы өзгөчө формула табигый самындын, жогорку сапаттагы жуучу компоненттердин жана табигый булаларды жумшарткычтын күчүн бириктирет.

Өзгөчө кездемелердин бардык түрү, жибек, кружево, жүн, атлас, велюр, шифон жана заманбап синтетикалык материалдарга да жарайт.

Порошоктун гранулдары чаңдатпайт жана күңүрт, токулган кийимдерден да толук чайкалат, кошумча чайкоо режимин керектирбейт.

  • Өзгөчө кездемелерден так жана булганууларды кылдаттык менен тазалайт .
  • Жумшактыкты жана була структурасын сактайт.
  • Түстүн өзгөрүүсүн жана өңү өчүшүн алдын алат.
  • Саргаруудан жана түлөөдөн коргойт.
  • Гранулданган «чаңсыз» текстура кадимки порошок каражаттарына аллергиясы бар адамдардын ыңгайлуулугу үчүн.
  • Сезимтал териге коопсуз , дерматологиялык жактан тастыкталган**.
  • Толук чайкалат , кийимде эч кандай так калтырбайт.
  • Төмөн температурада кир жууган учурда да эффективдүү.
  • Кийимдерге жеңил таза жыпар жыт тартуулайт.
  • Кир жуучу машинаны кебээрден сактайт.
  • Ич кийим жана бардык кийимдерди жууга арналган.
  • Кадимки порошоктон 3,5 эсе үнөмдүү: кир жуу үчүн бир кашык жеткиликтүү!

*Rohm & Werner профессионалдык өндүрүшкө – европа рыногундагы туруктуу өнүгүү принциптерине жооп берген жогорку эффективдүү концентрацияланган каражаттардын өндүрүшүнө адистешкен. Rohm und Werner GmbH жоопкерчиликтүү өндүрүүчүлөрдү бириктирген эл-аралык кир жуучу жана тазалоочу каражаттардын ассоциациясы A.I.S.E. нин мүчөсү, алар керектөөчүлөргө жана айлана-чөйрөгө кам көрүү принцибин карманышат. (Хартия 2020+).

**Кир жуучу порошоктун дерматологиялык коопсуздугу «Excellent» белгиси барлар сезимтал тери үчүн эл-аралык илимий-изилдөөчү Dermatest GmbH (Германия) институту тарабынан тастыкталган.

Жарамдуулук мезгили : даярдалган күндөн тартып 36 ай, таңгакта көрсөтүлгөн.

Жарактуулук тууралуу декларация

Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү

«Халал» сертификаты

Салмак: 800.0 гр.

Өндүргөн өлкө: Германия

Серия:  FABERLIC HOME

Курамы

30% жана жогору: натрий карбонаты, 5-15%: натрий цитраты, натрий силикаты, натрий гидрокарбонаты, 5%дан азы: НПАВ, самын, пальма уруктарынан майынын негизинде алкилсульфат, өндүрүштүк бензосульфон кислотасы, табигый минерал бентонит, поликарбоксилаттар, боёк өткөрүүчү ингибитор, целлюлоза негизиндеги антиресорбент, этидрон кислотасынын тузу.

Экологиялык жактан таза курам:

  • Минералдык жана кремний тузу (натрий карбонаты жана натрий силикаты) тузду катуулуктан арылтып, сууну жумшартат.
  • Айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген пальма уруктарынын майынын негизиндеги кир жуучу компонент (алкилсульфат) тактардын кетүүсүн шарттайт, майларга каршы эффективдүү.
  • Айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген неиногендүү жуучу компоненттери бар комплекс (НПАВ) активдүү жумшартуучу таасирге ээ, жалпы булганууну кетирип, кездемеден чайкалуусун жеңилдетет.
  • Самын – активдүү табигый компонент, татаал тактарды козгойт.
  • Айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген жуучу компонент (өндүрүштүк бензосульфон кислотасы) булганууларды активдүү кетирет, май тактарды кетирүүдө жогорку эффективдүүлүккө ээ.
  • Органикалык полимерлер (поликарбоксилаттар жана боёк өткөрүүчү ингибитор) түстү коргойт, боёктун кетүүсүн, кездеменин кайрадан булгануусун алдын алат, кездемени ным тартуудан сактайт.
  • Органикалык туз (этидрон кислотасынын тузу) металл элементтердин коррозиясын алдын алат.
  • Органикалык лимон кислотасынын тузу (натрий цитраты) туздун катуулугун азайтат, сууну жумшартат.
  • Бентонит (табигый минерал) кондиционерлешүү эффектин берет, кездемелерге жумшактык берет.
  • Кычкыл минералдык туз (натрий гидрокарбонаты) жогорку сапаттагы кир жуучу оптималдуу чөйрөнү түзөт.
  • Органикалык туз, өндүрүштүк целлюлоза (антиресорбент) кездемени коргойт жана жумшартат, саргаруудан коргойт.
  • «Clean label» заттарынын композициясы (жыт берүүчү зат) жеңил таза жыпар жыт тартуулайт.
Кантип колдонуу керек

Автомат кир жуучу машиналарга жана колго жууганга да жарайт.

Кылдат кездемелерди жууш үчүн кир жуучу машинаны жарым-жартылай толтуруңуз.

Температура: 25 - 60 °С.

ӨлчөмүОрточо булгануу / орточо суу катуулугуӨтө булгануу / катуу суу
Машинада кир жуу 4,5 кг40 г = 1 кашык60 г = 1,5 кашык
Колго жуу ( 10 л сууга)20 г = 0,5 кашык40 г = 1 кашык

Кир жуучу порошокту туура өлчөмдө салуу үчүн Faberlic өлчөөчү кашыгын колдонууну сунуштайбыз.

Кир жуу учурунда температураны жана кийимдин ярлыктарындагы, кир жуучу машинанын паспортундагы сунуштарды сактоо зарыл. Ак жана ачык түстөрдөгү кийимдерди күңүрт жана түстүү кийимдерден бөлөк жуу шарт.

Коопсуздук чаралары: балдар жетпеген жерде сактоо керек. Көрсөтмөгө ылайык колдонуу шарт.

Көңүл буруңуз! Көздүн катуу кычышуусун пайда кылуусу мүмкүн. Көзгө тийген учурда 15 - 20 мүнөт аралыгында көп өлчөмдөгү суу менен жууш керек. Сезимтал тери же колдун тытылган жери бар болсо резинка кол кап колдонуу зарыл. Бузулган тери аймагына тийген учурда суу менен жакшылап жуу кажет. Жутуп алган учурда зыяндуу болуусу мүмкүн. Кокустан жутуп алган учурда оозду суу менен чайкоо зарыл. Көп убакытка дем алган учурда жакшы желдетилген бөлмөгө коюлушу шарт. Жалпы абалыңыз начарласа медициналык жардамга таңгакты алып, кайрылыңыз (этикетка).

Сактоо шарттары: серүүн кургак, күн нуру түз тийбеген жерде сактоо шарт. Тамак-аш азыгы жана ысык заттар менен бирге сактоого болбойт.

Сертификаттар
Тизмектин товарлары FABERLIC HOME

Сунуштар жана пикирлер

 : 5
Пикир калтыруу үчүн кириңиз же катталыңыз
ТК
Татьяна К.
715890949 | 07.04.2021
Баалоо
Порошок понравился. Хорошо справляется со своими задачами. Лично мне нравится стирать с ним постельное белье.
КН
Карина Н.
704235393 | 01.04.2021
Баалоо
Всегда у меня должен быть, для шерсти, кардиганов, шарфиков, шапок.Даже без ополаскивателя белье мягкое. Без запаха.
ЕВ
Елена В.
721404880 | 17.01.2021
Баалоо
Отличный порошок! Использую для стирки шерстяных платьев.
ГГ
Галина Г.
506740 | 04.01.2021
Баалоо
Отличный порошок! Прочитала отзывы и была очень удивлена... Милые дамы, девушки, хочу вам сказать о том, что нужно просто растворить порошок в теплой воде и вылить раствор прямо в барабан (можно прямо на белье). Поверьте, вам ничего не нужно будет "выковыривать" из дозатора стиральной машины. Внимание! Растворять желательно все наши порошки (Произведенные в Германии). Заведите себе для этого отдельную емкость, растворяйте порошок под по струей горячей воды и стирайте с удовольствием! Научите этому приему своих консультантов и клиентов.
ЭТ
Эдемир Т.
720386612 | 31.10.2020
Баалоо
Впервые попробовал порошок компании Фаберлик и остался доволен!!!